«Мыкты тарбиячы-2024»
Сузак районунда «Мыкты тарбиячы-2024» кароо сынагынын райондук туру өткөрүлдү.
Ага Сузак районундагы аймактардан 9 тарбиячы катышты. Тарбиячылар өз көндүмдөрүн жана балдар менен иштөөсүн көрсөтүшүп, сынак жогорку деңгээлде өттү.
Кароо сынакта 1-орунду “Ынтымак - 1” атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы - Эркулова Нуржамал Шадыбековна, 2-орунду “Жомок” атындагы МЧББУ тарбиячысы - Маматюсупова Нигорахан Рахманалиевна, 3-орунду “Көпөлөк” атындагы МЧББУ тарбиячысы - Жанышова Адина Акылбековна жана “Байчечекей” атындагы МЧББУ тарбиячысы - Кунахунова Салима Балтаевналар ээлешти.
Иш чарага Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.К.Сариев жана Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сузак райондук комитетинин төрагасы Н.А.Урайимов катышты. Жеңүүчүлөргө, жалпы катышуучуларга Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сузак райондук комитети тарабынан баалуу белектер тапшырылды.
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Сузак райондук комитети