Мыкты окуучу – 2021
2021-жыл Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында 20-май күнү Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында “Мыкты окуучу - 2021” иш-чарасы болуп өттү.
Анда Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары З.И.Юлдашева, Ноокен районунун прокурору З.А.Жумабеков, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.К.Олжобаев, Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.К.Нышанов катышышты.
Ошондой эле, иш-чарага мыкты окуган, олимпиадада байгелүү орундарга ээ болгон, түрдүү кароо-сынактарга жана коомдук иштерге активдүү катышкан 60 окуучулар менен биргеликте 60 ата-эне да катышышты. Ата-энелер өз баласынын жетишкендиктери менен сыймыктанып, коомго, өлкөбүзгө татыктуу уул-кыз тарбиялап жаткандарына күбө болушту.
Бул иш-чаранын негизги максаты окуучуларды билим алууга мотивациялоо, коомдук иштерге, ар түрдүү конкурстарга катышууга болгон кызыгуусун арттыруу болуп саналат. Иш-чаранын жүрүшүндө №22 “Гулкайыр” балдар бакчасынын тарбиялануучулары, №24 Ө.Кайыпов, №6 “Арал”, №10 Абдразаков, №1 Ж.Бөкөнбаев, №29 Мирзаходжаев, №14 Губкин атындагы орто мектептеринин окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программасын тартуулашты.
Окуучулар Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы жана демөөрчүлөрдүн белектери, ал эми ата-энелер ыраазычылык кат жана “Мыкты ата-эне” номинациясы менен сыйланышты.
Андан сырткары республикалык предметтик олимпиадада байгелүү орундарды алган Ильязбек кызы Венера (№9 Паяз а.о.м.), Замирбекова Миргул (№1 Ж.Бөкөнбаев), Алимова Аруукеге (№2 С.Ногоева) Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы жана айыл өкмөттөрү тарабынан планшеттер тапшырылды. 60 окуучунун мугалимдери үчүн билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитети тарабынан Сары-Челек эс алуу жайында 3 күндүк эс алуусу уюштурулат.
Иш-чараны уюштуруу жана өткөрүүдө өздөрүнүн зор салымдарын кошкон Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн кадрлар бөлүмүнүн башчысы А.Каримовага, адиси Г.Андаровага, Матмуса атындагы №2 орто мектебинин жаштар кеңешинин төрагасы С.Нышанбай уулуна жана жалпы демөөрчүлөргө ыраазычылык билдиребиз.
Маалыматты даярдаган: Ноокен райКБКнын инспектору Т.Бакиров