Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Мыкты мугалим -2018»

Мугалимдин кесиптик кадыр-баркын кѳтѳрүү, ишине чыгармачылык менен мамиле кылган, талантуу мугалимдерди табуу жана аларга колдоо кѳрсѳтүү, райондогу мыкты мугалимдердин педагогикалык тажрыбаларынын алкагында алдынкы иш тажрыбаларды жайылтуу максатында  2018-жылдын 29-майында «Мыкты мугалим-2018» каароо-сынагы  ѳткѳрүлдү. Сынакка райондогу 33 мектептин  мугалимдери  катышып, ѳзүнүн иш тажрыйбасы боюнча презентация, 5-8 мүнѳттүк сабактын бѳлүгүн ѳтүү, оригиналдуу кѳрсѳтмѳ курал, педагогикалык-психологиялык  суроо-жооп, авторлук сабактардын иштелмелери,  «Азыркы коомдогу билим берүүнүн ролу» деген аталыштагы педагогикалык, философиялык ой жүгүртүү эссе жазуу жана чыгармачылыгы бааланды.

   Сынакка катышкан мугалимдер кесиптик жогорку деңгээлин  кѳрсѳтүшүп, жыйынтыгында Ш.Абдылдаев атындагы орто мектебинин математика мугалими А.Султанова Гран-При сыйлыгына ээ болуп,  Кочкор райондук билим берүү бѳлүмүнүн Ардак грамотасы жана  10000 сом акчалай сыйлык, биринчи орунду  Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиянын башталгыч класстар боюнча мугалими Р.Сооданбекова ээлеп, Кочкор райондук билим берүү бѳлүмүнүн Ардак грамотасы,  5000 сом акчалай сыйлык, экинчи орунду К.Темиров атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Ж.Асанова  ээлеп, Кочкор райондук билим берүү бѳлүмүнүн Ардак грамотасы,  3000 сом акчалай сыйлык, ал эми үчүнчү орунга  К.Акназаров атындагы орто мектебинин география мугалими Чолпонкул уулу Нурадил ээ болуп,  Кочкор райондук билим берүү бѳлүмүнүн Ардак грамотасы,  2000 сом акчалай сыйлык  менен сыйланышты. Акчалай сыйлыктар райондогу педагогикалык кызматкерлеринин профсоюзунун эсебинин каржыланды.

Сыйлыктарды Кочкор райондук билим берүү бѳлүмүнүн башчысы У.Ѳзүбеков жана  педагогикалык кызматкерлердин профсоюзунун  тѳрагасы А.Темиров тапшырып, мугалимдердин  иштерине ийгиликтерди  каалашты.

 

Астра Асаналиева

Кочкор райондук билим берүү бѳлүмүнүн

Окуу-методикалык кабинетинин башчысы