Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мыкты кесиптик уюму жана төрагасы - 2022

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан жарыяланган «Кесиптик бирликтин активин окутуу–кесиптик бирликтин ишинин сапатынын өбөлгөсү» темасында “Мыкты кесиптик уюму жана төрагасы-2022” кароо-сынагынын райондук туру жыйынтыкталды.

Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигине түшкөн сунуштардын негизинде бул жылы жалпысынана район боюнча 9 мектеп жана 9 балдар бакчасынын баштапкы кесиптик уюмдары катышты.

Уюштуруу тобу 10-14-октябрь күндөрү баштапкы кесиптик уюмдарда болуп, аткарылган иштер жана кароо-сынактын шарттары боюнча ордунда карап чыгышты. Анын негизинде жалпы жыйынтык чыгарылып жеңүүчүлөр аныкталды.

Жыйынтыгында балдар бакчалары боюнча:

1. Гран при №28 “Алтын уя” балдар бакчасынын баштапкы кесиптик уюму, төрайымы Жусмаматова Алмагул Закировна;

2. 1-орун №22 “Гулкайыр” балдар бакчасынын баштапкы кесиптик уюму, төрайымы Машаева Кыял Жигиталиевна;

3. 2-орун №19 “Бахор” балдар бакчасынын баштапкы кесиптик уюму, төрайымы Ахронова Мархабо Аппазжановна;

4. 3-орун №9 “Байчечекей” балдар бакчасынын баштапкы кесиптик уюму, төрайымы Тургунбаева Аида Амангелдиевна.

Мектептер боюнча:

1. Гран при №6 “Арал” орто мектебинин баштапкы кесиптик уюму, төрайымы Эргешова Алтынай Эгембаевна;

2. 1-орун №5 Н.Токторбаев атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик уюму, төрайымы Салиева Нурила Асановна;

3. 2-орун №3 Р.Алибаев атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик уюму, төрайымы Маруфова Насибахон Авазбековна;

4. 3-орун №16 Ж.Турусбеков атындагы орто орто мектебинин баштапкы кесиптик уюму, төрайымы Мурзакулова Айназик Абдыкалыковна.

Жеңүүчүлөр Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин жыйынтыктоочу областтык семинарында сыйланат.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райКБнын инспектору Т.Бакиров