Муздаткыч менен камсыздоо.
Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмү тарабынан “көп түкүрсө көл болот” деген ураан менен кайрымдуулук акциясы уюшулуп, Базар-Коргон райондук кесиптик лицейинин “обсервация” үчүн бөлүнгөн имаратынын 3 бөлмөсү капиталдык ремонттон өткөрүлүп, өз убагында бүткөрүлгөн. Жогорудагы ар бир бөлмөгө заманбап 3 даана муздаткычтар алынып, жайгаштырылды. Бул иштерге Базар-Коргон билим берүү бөлүмүнүн, мектеп, мектепке чейинки уюумдарынын жалпы кызматкерлеринин салымы чоң.
Материалды даярдаган: райкомдун инспектору К. Асыранкулов