Мугалимдерге жана ардагерлерге урмат-сый
Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Эл аралык карылар күнү жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы жогорку деңгээлде белгиленди.
Иш-чарага университеттин ректору Ч.Райымбаев катышып, окуу жайда эмгектенип кеткен ардагер карыяларды куттуктап, бириккен кесиптик бирлик комитети менен ректорат тарабынан даярдалган белектерди тапшырды. Сый конок катары чакырылган карыялар окуу жайдын жетекчилигине, профсоюз уюмуна ыраазычылыгын билдиришти.
Иш-чара мугалимдер күнүнө карата арналган салтанат менен уланды. Сөз кезегинде окуу жайдын ректору Ч.Райымбаев мугалимдер кандай шартта болбосун ишмердигин үзгүлтүккө учуратпай, жаштарга татыктуу тарбия берип жаткан бүгүнкү күндүн каармандары экендигин белгилеп, окуу жайдын мугалимдерине университеттин, Ош облустук профсоюз комитетинин Ардак грамотасын жана Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төш белгилерин, акчалай сыйлыктарын тапшырды.
Майрамдын жүрүшү маданий-эстетикалык борбор тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.
Маалыматты даярдаган: Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети