Мугалимдерге сый көрсөтүлдү
2021-жылдын 5-октябрь күнү Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн жыйындар залында билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Майрамдык иш-чарага Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акимдин орун басары Р.Мырзакулов, Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы И.Шайбеков, райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы И.Мырзамидиновдор катышып, мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттукташып, сыйлыктарды тапшырышты.
Мугалимдердин кесиптик майрамына карата уюштурулган иш-чарага Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген мугалимдер, ардагерлер, мектеп жана бала бакчаларда чыгармачылык менен эмгектенген мугалимдер жана жогорку окуу жайды бюджеттик негизде бүтүп жолдомо аркылуу мектептерге келип педагогикалык эмгек жолун алгачкы ирет баштап жаткан жаш адистер катышты. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген мугалимдерине, ардагер мугалимдерге жана жаш адистерге райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Р.Мырзакулов алдыңкы билим берүү кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталарын тапшырды.
Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамында мектеп, бала бакчаларда чыгармачылык менен эмгектенген алдыңкы кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыраазычылык каты, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин «Билим берүү мыктысы» төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин «Билим, илим профсоюздук кыймылынын отличниги» төш белгилери, Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин, Билим, илим кызматкерлер профсоюзунун Ош облустук комитетинин Ардак грамоталары, Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин Ардак грамоталары менен сыйланышты.
Майрамдык иш-чарада ардагер мугалимдер Төлөнов Мырзакулбек, Абдыразаков Карим жана педагогикалык эмгек жолун алгач баштап жаткан жаш адистердин атынан Заидов Азиреттер чыгып сүйлөшүп, иш-чаранын жогорку денгээлде уюштурулгандыгын айтышып, иш-чаранын уюштурган райондук билим берүү бөлүмүнө жана райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетине өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришти.
Маалыматты даярдаган: Өзгөн райондук кесиптик бирлик комитети