Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдерге алкоо айтылды

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына жана Карылар күнүнө карата 2021-жылдын 2-октябрында Баткен райондук билим берүү бөлүмү, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети тарабынан Баткен шаарындагы А.Жайнаков атындагы музыкалык драма театрында майрамдык  чоң иш-чара өткөрүлдү. Салтанатка Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким  У.Жоробаев, анын орун басары К.Кыдырова жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары, мугалимдер катышты.

Сөз сүйлөгөндөр мугалимдин коомдогу ордун жана алардын аткарып жаткан иштерин баса белгилеп, аларды кесиптик майрамы менен куттуктап, жакшы тилектерин жана каалоолорун билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө алдыңкы мугалимдерге райондук мамлекеттик администрациянын, райондук билим берүү бөлүмүнүн, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин жана айыл өкмөттөрүнүн Ардак грамоталары жана баалуу белектери ыйгарылды.

Иш-чара райондук маданият кызматкерлеринин жана балдар чыгармачылык борборунун тарбиялануучуларынын концерти менен коштолду. Иш-чаранын соңунда билим берүү тармагында көп жылдардан бери үзүрлүү эмгектенип келе жаткан  ардагер мугалимдерге өзүнчө сый-урмат көрсөтүлдү жана аларга Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитети тарабынан даярдалган белектер берилди. Ардагер мугалимдер аларга көңүл буруп, сыйлап чакыргандары үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Баткен райондук КБКнын төрагасы А.Зайитов