Мугалимдердин август конференциясы жогорку деӊгээлде өттү
2017-жылдын 23-август күнү Кара-Суу районунда мугалимдердин август конференциясы администрациянын чоӊ залында Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Матраимов Тилекбек Исмаиловичтин жана областан келген өкүлдөрдүн, 400 дөн ашуун билим берүүнүн эӊ алдыӊкы мугалимдери , айыл аймактардын башчылары, мекеме уюмдардын жетекчилери, ардагер мугалимдердин, жаӊыдан окуу жайларын бүтүп келишкен жаш адистердин жана массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлеринин катышуусу менен өткөрүлдү.
Күн тартибиндеги 1- маселе боюнча Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Ахматалиев доклад жасап, 2016-2017-окуу жылындагы жетишкедиктер менен проблемаларга кеӊири токтолду.
2-маселе боюнча Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Матраимов Тилекбек Исмаилович конференциянын катышуучуларын куттуктап, алдыдыгы милдеттерди белгилеп, конференция-нын ишине ийгилик каалап кетти. 2016-2017-окуу жылында мектеп окуучулардын республикалык турунда 1-орунду ээлеген № 75 М.Жаманкулов а.о.м.11-классынын окуучусу Бакирова Аселяга 1 миӊ, окуткан мугалимине 1 миӊ, мектебине 1 миӊ АКШ долларын тапшырды, 2-орунду ээлеген окуучуга, мугалимине жана мектебине 20 миӊ сомдон, 3-орунга жетишкен окуучуга, мугалимине, мектебине 10 миӊ сомдон сыйлык тапшырды. Ошондой эле жаӊы 2017-2018-окуу жылына карата мектеп, мектепке чейинки мекемелерди өз убагында сапаттуу даярдоодо боюнча өткөрүлгөн кароо-сынактын жеӊүүчүсү болгон мектептер менен бала бакчаларга райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталарын жана акчалай сыйлыктарын ыйгарды.
Жаӊы 2017-2018-окуу жылына карата мектеп, мектепке чейинки мекемелерди өз убагында сапаттуу даярдоодо өзгөчөлөнгөн 50 мектеп менен 15 бала бакчаларга Билим берүү кызматкерлеринин райондук профсоюз комитетинин Ардак грамотасы менен акчалай сыйлыктары тапшырылды.