Мугалимдердин кесиптик күнү белгиленди
2021-жылдын 1-октябрь күнү Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациянын жыйындар залында билим берүү кызматкерлеринин күнү белгиленди. Ага райондук жетекчилик, мугалимдер жана ардагерлер катышты.
Мугалимдик кесип – дүйнөдөгү эң байыркы жана эң мыкты кесиптердин бири. Мугалим – бул тажрыйбалуу психолог, кереметтүү акын, даңазалуу актер, теңдеши жок жардамчы жана эң башкысы – чыныгы агартуучу. Мугалимдик кесипте ийгиликке жетүү үчүн интеллектуалдык, уюштуруучулук жөндөмдүүлүк жогорку деңгээлде болуусу зарыл. Окутуп жаткан сабактарды мыкты билүү, окутуунун жана тарбиялоонун заманбап ыкмаларын колдонуу, балдар жана өспүрүмдөр менен баарлашууну билүү. Чыныгы мугалим бул – жөн эле кесип эмес, бул-чоң аракет жана талант.
Иш-чарага Базар-Коргон райондук администрациясынын башчысы Ж.М.Сатыбалдиев, Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.К.Сариев, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасы С.Жаркынбаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, мектеп, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери, мугалимдер жана коноктор катышты. Жогорудагы жетекчилер мугалимдерди жана билим берүү кызматкерлерин мугалимдердин кесиптик күнү менен куттукташып, окуу-тарбия иштериндеги көп жылдык үзүрлүү эмгеги, окуучулардын билимин жакшыртуудагы ийгиликтери үчүн Ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйлашты.
Маалыматты даярдаган: Базар-Коргон райКБКнын адиси К.Асыранкулов