Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин эс алуусу жакшы өтүүдө

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин иш планына ылайык “Жайкы эс алуу-2022” иш-чараларынын алкагында 2022-жылдын 4-6-июль күндөрү Ноокен районундагы бала бакчалардын кызматкерлери, ал эми 11-13-июлда мектептердин мугалимдеринин Базар-Коргон районундагы Арстанбап-Ата турбазасында эс алуусу уюштурулду.

Мугалимдердин тамак-ашы, жатаканасы жана жол киреси толук Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинен төлөнүп берилди.

Эс алуунун жүрүшүндө Арстанбаптагы кооз жерлерин көрүп чыгышты. Андан сырткары атайын концерттик программалар уюштурулуп, эс алуу жагымдуу маанайда өттү. Мугалимдер кесиптик бирликтин райондук, облустук жана  республикалык жетекчилерине ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райКБнын инспектору Т.Бакиров