Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин эмгеги өнөктөштөр тарабынан өзгөчө бааланууда

Жалал-Абад мэриясы тарабынан «Жылдын мыкты мугалими-2022» сынагынын баш байгесине автоунаа коюлду.

2022-жыл 19-апрелинде Жалал-Абад шаарындагы Б.Осмонов атындагы №5 мектеп-гиназиясында “Жылдын мыкты мугалими-2022” сынагынын ачылышы болду. Ага шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, билим берүү профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы Максат Мамасыдыков, мугалимдер жана ар тармактын өкүлдөрүнөн турган калыстар тобу катышты.

Сынак 3 тур менен өтүп, 22-апрелде жыйынтыкталат. Бул жолку сынактын өзгөчөлүгү 3 турга үч башка калыстар тобу бекитилген. Сынакта 19 мугалим күч сынашууда. Анда баш байгени жеңген мугалим областтык жана республикалык сынакка жолдомо алат.

Жергиликтүү бюджеттен “Жылдын мыкты мугалим-2022” сынагына жана окууда ийгилктерге жетишкен окуучуларга 1 млн. сом акча каражаты бөлүнгөн. Анын 800 миң сому аталган сынактын байге фондуна жумшалды. Баш байгеге Матиз үлгүсүндөгү темир тулпар болсо, калган орундарга үй-тиричилик буюмдары, ноутбук жана планшеттер берилет.

Мындан сырткары мугалимдердин областтык жана шаардык профсоюз уюму тарабынан алдыңкы орундарды ээлегендерге Ысык-Көлгө, Жалал-Абад санаториясына эс алуу үчүн жолдомолор тапшырылат.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында “Жылдын мыкты мугалими” сынагына баш байге катары автоунуу берүү мындан 14 жыл мурда орун алган. Андан бери жергиликтүү бюджеттен аталган сынактын байге фондуна мындай ири суммадагы каражат бөлүнгөн эмес.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад областтык КБКнын инспектору А.Айдаров