Мугалимдердин “Ден соолук – 2022” спартакиадасы
2022-жылдын 26-февраль күнү Ноокен районунун Масы айылындагы Масы спорт клубунун залында жана №2 С.Ногоева атындагы орто мектебининде билим берүү кызматкерлеринин “Ден соолук – 2022” спартакиадасы спорттун волейбол, шахмат, стол тенниси жана тогуз коргоол түрлөрү боюнча 9 айыл аймактын курама командаларынын катышуусунда өткөрүлдү.
Иш-чаранын ачылышына Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Ж.Немат уулу, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси З.Усенов, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов жана райондогу ардагер дене-тарбия мугалимдери келип катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты жана спартакиаданын катышуучуларына ийгилик каалашты.
Иш-чара Масы балдар билим борборунун окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду. Спартакиада кызуу атаандаштыкта өтүп, жыйынтыгында жалпы командалык эсепте 1-орунду Шайдан айыл аймагынын, 2-орунду Кочкор-Ата шаарынын, 3-орунду Ноокен айыл аймагынын, 4-орунду Масы айыл аймагынын мугалимдеринин курама командалары ээлешти.
Жеңүүчүлөр Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитети тарабынан кубок, дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Маалыматты даярдаган: Ноокен райондук КБКнын инспектору Т. Бакиров