Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин ден соолугуна кам көрүлүүдө

Сузак районунун Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги, райондук билим берүү бөлүмү жана райондук мамлекеттик администрациясынын ортосунда 2021-2023-жылдарга түзүлгөн үч тараптуу макулдашуунун алкагында билим берүү кызматкерлеринин ден соолугун чыңдоо максатында райондук кесиптик бирлик тарабынан “Кочкор-Ата” областтар аралык медициналык реабилитациялоо борбору менен 30 адамды дарылоо боюнча келишим түзүлгөн. Кеткен чыгымдар райондук кесиптик бирлик тарабынан каржыланган. Учурда райондун билим берүү кызматкерлери аталган борбордо ден соолугун чыңдап, дарыланып жатышат.

 

Маалыматты даярдаган: Сузак райКБКнын маалыматтык иштери боюнча адиси А.Авазов