Мугалимдер сыйланышты
Жалал-Абад областынын Сузак районунда райондук билим берүү бөлүмүнүн, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин демилгеси менен 2021-жылдын 5-октябрында билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Кесиптик майрамга арналган иш-чарага 360 адам чакырылды, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Б.Ж.Сыдыкназаров, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Ж.Усенов, Билим берүү жана илим кызматкерлер кесиптик бирлигинин райкомунун төрагасы А.Д.Орозалиев, айыл өкмөт башчылары куттукташып,өздөрүнүн сыйлыктарын тапшырышты. Айрым мугалимдерге КРнын Билим берүү министирлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси, Ардак грамоталары ж.б. сыйлыктар тапшырылып, майрамдык иш чаранын катышуучуларына сый тамак берилди.
Маалыматты даярдаган: Сузак райондук КБКнын адиси М.Примкулов