Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдер күнү Токтогул районунда

5-октябрь-Мугалимдердин Эл аралык күнүнө карата  Токтогул районунда Токтогул райондук билим берүү бөлүмү жана райондук кесиптик бирлик комитети тарабынан  агартуу тармагыгынын кесиптик майрамы белгиленди.

Иш-чара Токтогул райондук мамлекеттик администрациясы, Токтогул райондук мэри, ИИМдин кызматкерлери, айыл өкмөт башчылары, билим берүү мекемелеринин директорлору, мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин катышуусунда өттү.

Билим берүү тармагында көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана иштериндеги жетишкендиктери үчүн кесип ээлери КР Билим берүү жана илим министрлигинин "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгиси,

Ардак грамоталары, Жалал-Абад областтык билим берүү усулдук борборунун Ардак грамоталары, Жогорку Кеңешинин "Ыраазычылык каты", Токтогул райондук мамлекеттик администрациянын Ардак грамоталары, Кыргыз улуттук Манас театрынын "Ыраазычылык каты",

РайБББнүн, райондук комитетинин Ардак грамоталары жана кесиптик бирлик комитети тарабынан сыйлыктар менен сыйланышты.

Иш-чара  кыргыз элинин баалуулуктарын чагылдырган кол өнөрчүлүк боюнча көргөзмө уюштурулуп, концертник программа менен коштолду.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Токтогул райондук комитети