"Мугалимдер күнү" Тоң районунда белгиленди
Бүгүн 5-октябрда Ысык-Көл областынын Тоң районунда "Мугалимдер күнүн" белгилөө боюнча салтанаттуу иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарага КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Кемелов Акыл Канатбекович, Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басарлары жана башкалар катышышты. Иш-чара учурунда мугалимдерибиздин азыркы шартта кылып жаткан эмгектери баса белгиленип, аларга калоолор айтылып жана "Билим берүүнүн мыктысы","Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун отличниги" төш белгилери менен бирдикте Ардак грамоталар тапшырылды. Мугалимдерге Тоң райондук кесиптик бирлик комитети тарабынан Ардак грамоталар менен бирдикте эстелик үчүн кол саат белекке берилди. Майрамдык салтанат жакшы маанайда өткөндүгүн белгилейбиз.
Маалыматты даярдаган: Тоң райондук КБКнын төрагасы Н.Урманбетов