Мугалимдер күнү белгиленди
2021-жылдын 1-октябрынын Жалал-Абад областтык билим берүү усулдук Борборунун “Билим Залында” мугалимдердин кесиптик майрамына карата иш-чара болуп өттү. Майрамдык аземге КРнын Президентинин Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн орун басары Ы.Ызабеков, областтык билим берүүнүн усулдук Борборунун директору А.Токтосунов, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы А.Исмаилов, райшаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, мектептердин жана бакчалардын директорлору, алдынкы мугалимдер жана тарбиячылар, областтык кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.
Жалал-Абад областтык билим берүүнүн усулдук Борборунун директору А.Токтосунов, КРнын Президентинин Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн орун басары Ы.Ызабеков мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттукташты. Ал куттуктоосунда мугалимдердин коомдогу орду бийик экендигин, мамлекеттин келечеги алар тарбиялап жаткан жаш муундарга байланыштуу болушу тууралуу айтып, мугалимдерге жакшы тилектерин билдирүү менен КРнын Президентинин Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн Ардак грамоталарын тапшырды.
Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы А.Исмаилов куттуктоосунда кесиптик бирлик уюмдары билим берүү кызматкерлерин социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо, алардын эмгектерин баалоо боюнча социалдык өнөктөштөр менен тыгыз байланышта иштешип, тармактын өнүгүүсүнө салым кошуп жаткандыгын айтып, алдыңкы билим берүү кызматкерлерин сыйлоо үчүн областтык кесиптик бирлик комитетинин бюджетинен каражат бөлүнүп берилгендигин белгиледи.
Кесиптик майрамда Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Р.Калчаев, Аксы районунун Р.Солпуев атындагы орто мектебинин директору А.Таштанбекова, Тогуз-Торо районундагы “Жаңыл Мирза” бакчасынын директору Ж.Кадыржановалар кесиптештерин куттукташып жаңы окуу жылында чыгармачылык ийгиликтерди каалашты.
Майрамдык аземдин катышуучулары үчүн областтык балдар чыгамачылык үйүнүн тарбиялануучулары куттуктоо концертин тартуулашты.
Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата областтык кароо-сынактын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр аталды.
“2021-жылдын мыкты билим берүү бөлүмү” кароосунун жоболоруна ылайык төмөкүлөр диплом жана акчалай сыйланышты:
1-орун- Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү;
2-орун-Аксы райондук билим берүү бөлүмү;
3-орун- Сузак, Ала-Бука, Ноокен райондук билим берүү бөлумдөрү
“2021-жылдын мыкты инновациялык мектеби” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү болуп төмөнкүлөр аталды:
1-орун- Жалал-Абад шаарындагы №14 С.Давлетов атындагы инновациялык мектеп лицейи жана №1 М.Бабкин атындагы мектеп гимназиясы;
2-орун- Токтогул районундагы №4 Н.Биримкулов атындагы инновациялык орто мектеби;
3-орун- Сузак районундагы №90 “Манас” атындагы инновациялык орто мектеби;
3-орун-Майлуу-Суу шаарындагы №4 Ю.А.Гагарын атындагы инновациялык мектеп гимназиясы;
“2021-жылдын мыкты жалпы билим берүүчү мектеби” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү болуп төмөнкүлөр аталды:
1-орун –Аксы районундагы №60 Р.Солпиев атындагы орто мектеби;
2-орун-Ала-Бука районундагы №12 А.Атамов атындагы орто мектеби;
3-орун-Кара-Көл шаарындагы №3 М.В.Фрунзе атындагы орто мектеби,Ноокен районундагы №12 Ж.Султанов атындагы орто мектеби, Таш-Көмүр шаарындагы №1 Н.Островский атындагы орто мектеби.
Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад областтык КБКнын инспектору А.Айдаров