Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдер көңүлдүү эс алышты

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Карагулов Мирлан Канатбекович “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаториясына 15-17-октябь күндөрү райондогу билим берүү уюмдарында эмгектенген 30 мугалимдин кыска мөөнөттүү (3 күндүк) эс алуусун уюштуруп берди. Мугалимдердин эс алуусуна жана жол киресине 135 000 (бир жүз отуз беш миң) сом бөлүндү. Мындан тышкары Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитетинин төрагасы З.Ажыбаев  эс алуу мезгилде маданий иш чараларды уюштурууга да акчалай жардам берди. “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаториясында мугалимдер көңүлдүү эс алышып, эс алууну уюштуруп берген Тогуз-Торо  райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Мирлан Канатбековичке жана райондук кесиптик бирлик комитетине терең ыраазычылыктарын билдиришти. Ошондой эле райкомдун төрагасы Залкарбек Ажыбаевге эс алууга барган мугалимдерди жетектеп, эс алуу учурунда мугалимдерге  маданий иш чараларды уюштуруп бергендиги үчүн ыраазычылыктарын билдиришип, көңүлдүү эс алып кайтышты.

 

Маалыматты даярдаган: “Перизат” мектепке чейинки билим берүү уюмунун профкому Э.Абдыбекова