Мугалимдер дарыланышууда
Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунун мугалимдери “Жалал-Абад” санаториясында дарыланышууда.
Аталган жолдомолор Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан каржыланып, 9 жолдомо менен 18 мугалим даарыланып жатышат.
Мугалимдер Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетине ыраазычылыктарын билдиришти.
Маалыматты даярдаган: кесиптик бирлик Сузак райондук комитети