Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдер арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү

Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Базар-Коргон райондук комитети жана Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмү тарабынан мектеп мугалимдеринин арасында “Ден соолук-2022” спорттук мелдештери өткөрүлдү.

Иш-чара Базар-Коргон шаарындагы №30 Ө.Атабекова атындагы инновациялык гимназия мектебинде жана №2 А.Нишанбаев  атындагы орто мектебинин спорттук залдарында өткөрүлдү.

Иш-чарага Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Э.А.Омошов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.К.Сариев,  Базар-Коргон райондук профсоюз комитетинин төрагасы С.Жаркынбаев, калыстар тобу жана  райондук билим берүү уюмдарынан мугалимдер  катышты.

Мелдештин максаты спорттун түрлөрүн өнүктүрүү жана өркүндөтүү, мугалим спортсмендердин ортосундагы достукту чыңдоо, областык мелдешке катышу үчүн курама команданы түзүү.

Мелдешке 9 айыл аймагынан 69 мектептен 200гө жакын мугалимдер катышып, спорттун воллейбол, шахмат, стол тениси, тогуз коргоол, ордо түрлөрү боюнча күч сынашты.

Төмөнкү командалар мелдештин жеңүүчүлөрү деп табылды:

Волейбол боюнча: I орун Эркектер арасында - Арстанбап айыл аймагы, I орун Аялдар арасында - Арстанбап айыл аймагы.

Стол тенниси боюнча: I орун Эркектер арасында - Арстанбап айыл аймагы, I орун Аялдар арасында - Базар-Коргон шаары.

Шахмат боюнча: I орун Эркектер арасында - Базар-Коргон шаары, I орун Аялдар арасында - Арстанбап айыл аймагы.

Тогуз коргоол боюнча: I орун Эркектер арасында - Сейдикум айыл аймагы, I орун Аялдар арасында - Кеңеш айыл аймагы.

Ордо боюнча: I орун Эркектер арасында - Акман айыл аймагы.

Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Базар-Коргон райондук комитети тарабынан мелдештин катышуучуларына сый тамак берилип, мелдеште жеңген командалар жана кытышуучулар диплом, медалдар жана башка сыйлыктар менен сыйланышты.

 

Маалыматты даярдаган: Базар-Коргон райондук КБКнын адиси К.Асыранкулов