Мугалим алтынга тете баалуу
Аксы районундагы Н.Мамбетов атындагы орто мектебинин мугалимдери кесиптик майрамын майрамдашты. Мугалим алтынга тете баалуу. Мотурайган бөбөктөрдүн караңгы түнүн билим менен жарык кылышат. Тарбиялап, билим берип уядан учурушат. Балапандар тапталып куш болуп учуп, ар кайсы кесиптердин ээси болушат. Аталган мектепте райондун алдыңкы мугалимдери арбын. Мугалимдин айткан акыл сөздөрү ар бир окуучунун жүрөгүндө орун алат. Окуучу да мугалимдин эсинде. Бар болгула ар дайым агартуучулар. Кесиптик майрам менен мектептин кесиптик бирлик комитети куттуктап, концерттик программа тартуулады.
Маалыматты даярдаган: Н.Мамбетов атындагы №6 орто мектебинин КБКнын төрайымы Н.Тотоева