Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Мугалим – ар тараптуу өнөр ээси” аттуу сынак өттү

     Сузак районунун №78 З.Бакиров атындагы орто мектепте 2017-жылдын 28-март күнү баштапкы профсоюз уюмунун демилгеси боюнча                                             2017-жыл – тармактагы адептүүлүктү жана укуктук маданияттуулукту жогорулатуу жылынын” алкагында мугалимдер арасында “Мугалим – ар тараптуу өнөр ээси” аттуу сынак өткөрүлдү.

      Сынакта обондуу ырларды ырдоодо, макал-макаптарды айтууда, кыргыз бийин бийлөөдөгү, интермедия аткаруудагы, улуттук тамак-аштарды даярдоодогу, спорт менен машыгуудагы жөндөмдүүлүктөрү жана чеберчиликтери бааланып, жеңүүчүлөр дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

     Бул иш чарага Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райондук комитетинин төрагасы А.Орозалиев катышып, бул сынактын жеңүүчүлөрүнө “Арстанбап” пансионатында эс алуу үчүн жолдомо берүүнү убада кылды.

Профсоюздун Сузак райкомунун

басма сөз катчысы: З.Киргизбаев