Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Мугалим-таалимдин башаты, тарбиянын тазасы"

Бүгүн 2024-жылдын 8- октябрында Кара-Суу райондук Т.Эшбаев атындагы маданият үйүндө Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын 100 жылдыгына карата "Мугалим-таалимдин башаты, тарбиянын тазасы" аталышындагы салтанаттуу иш- чара Кара-Суу районундагы мектеп, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлери үчүн майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Кесиптик иш-чарага КР Жогорку Кеңешинин депутаты Илимбек Кубанычбеков, Кара- Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары А.Куланова, Кара-Суу шаарынын Мэри М.Тентимишов, КР Билим берүүсүнө Эмгек Синирген кызматкерлер жана мугалимдер, ардактуу эс алуудагы ардагерлер, мектеп, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилери, алдыңкы тажрыйбалуу мугалимдер, татыктуу тарбиячылар катышышты.

Майрамдык иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлүп,  алдыңкы эмгек жамааттары, мугалимдер жана тарбиячылар сыйланышты.