Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалим кылымдарга өчпөс чырак

Мугалим мөмөлүү дарак.

Мугалим суусу соолбос кайнар булак,

Мугалим сулуу гана арча дарак.

Мугалим жарык нурун кенен чачкан,

Мугалим кылымдарга өчпөс чырак.

Мугалим түмөн түйшүктүү, ары кызыктуу, ары сыймыктуу кесип. Мугалим мөмөлүү дарак демекчи өзүң билим берип тарбиялап,мектеп уясынан учурган окуучуларың жолугуп салам беришсе, өз ийгиликтерин айтышса кошо сүйүнгөн,же болбосо ошол окуучулары үчүн өз ата энесиндей куйунгон инсан. Мугалим окуучунун экинчи ата-энеси, сырдашы, устаты.

Ушундай сыймыктуу кесип ээлерин 5-октябрь кесиптик майрамы менен куттуктап кетмекчимин. Бул күндү Аксы районунун Кербен шаарындагы Т.Уметалиев мектебинин мугалимдер жамаатын жогорку класстын окуучулары кызыл килемче жана гүлдөр менен таңкы жагымдуу маанай тартуулап тосуп алышты. Окуучулар тарабынан уюштурулган бул жагымдуу белек мугалимдердин көңүлүн көтөрүп,алкыштарын айтышты.

Кесиптик бирлик комитетинин жана кыргыз тил, эмгек, дене тарбия усулдук бирикмелеринин уюштуруусу менен майрамдык кече уюштурулду. Кечеде ыр бий, куттуктоолор айтылып, кызыктуу оюндар, жагымдуу бийлер менен коштолду. Алдынкы мугалимдердин эмгеги да бааланып, тийиштүү сыйлыктар тапшырылды. Бул ийгиликтерге мектеп жамааты тегиз кубанышып, кийинки жаштарга да жакшы иштөөсүнө түрткү болду. Дайыма талыкпай эмгектене бериңиздер, урматтуу кесиптештер. Сиздерге бекем ден соолук,иштеринерге албан албан ийгиликтерди, үй-бүлөңүздөргө тынчтык-ынтымак тилеп, келечек муундарга татыктуу тарбия бере беришиңиздерге тилектешмин!

 

Маалыматты даярдаган: Т.Уметалиев атындагы орто мектебинин КБКнын төрайымы Н.Сейдилова