Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалим, көтөрөмүн баркынды, алтын менен жазгым келет атынды!

2024-жылдын 11-октябрында   Баткен областынын Сүлүктү шаарында Мугалимдердин кесиптик майрамынын 100 жылдыгына карата "Жүрөгүмдү балдарга арнаймын"атуу майрамдык иш чара белгиленди.

Иш-чарага Сүлүктү шаарынын мэри Абдыжапаров Болот Шаршеналиевич, Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жапарова  Назира Махаматкуловна, шаардын билим берүү мекемелеринин жетекчилери, ардагер мугалимдер, алдыңкы устат мугалимдер, мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлери катышышты.

Сүлүктү шаарынын мэри Б.Ш.Абдыжапаров жана билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.М.Джапарова билим берүү кызматкерлерин Эл аралык майрамы менен куттуктап, билим берүү мекемелеринин иштерин баалоо менен жогорку деңгээлде иш алып барган мектептерге интерактивдүү доска сертификаттары тапшырылды.

Ал эми учурда билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип жаткан мугалимдердин эмгеги  бааланып, "Билим берүүнүн мыктысы" жана "Кесиптик бирликтин мыктысы" төш белгилери, Ардак Грамоталары, КР Президентинин Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, облустук усулдук билим берүү борборунун, кесиптик бирликтин областтык жана шаардык комитеттеринин, ошондой эле  шаардык мэриясынын, шаардык билим берүү бөлүмүнүн Ардак Грамоталары тапшырылды.

 

 

 

Аталган майрамдык иш чара билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитетинин төрагасы Кудаяров Канатбек Сапаровичтин уюштуруусунда жогорку уюшкандыкта өттү.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Сүлүктү шаардык комитети