Мугалим-коомдун күзгүсү
Ысык-Ата районунда жана Кант шаарында 5- октябрь мугалимдердин Эл аралык кесиптик майрамы белгиленип, Кант шаарындагы А.Тойтоев атындагы маданият сарайында салтка айланган сыйлоо аземи болуп өттү.
Иш-чарага райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Эрмекбай Омошев, акимдин орун басары Нурбек Сагынбаев, Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Чынара Бакашова, райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Бактыгуль Тыныбекова, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, мектептин, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлору, мугалимдер катышышты.
Кесиптик майрамда билим берүү тармагындагы көп жылдык эмгеги, келечек муунга татыктуу тарбия берүүгө кошкон салымдары үчүн мугалимдер жана мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директорлору, тарбиячылары Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын, Кант шаардык мэриясынын", Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталары, “Билим берүүнүн мыктысы” жана Кырыгыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирилигинин Борбордук комитетинин төш белгилери менен сыйланышты.
Салтка айланып калган Ысык-Ата райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан Эмгек сиңирген мугалимдерге, эс алуудагы ардагер мугалимдерге жана ардактуу эс алуудагы жетекчилерге баалуу белектер тапшырылды.
Сыйлоо аземи концерттик программа менен коштолуп, мугалимдерге майрамдык маанай тартууланды.
Маалыматты даярдаган: Ысык-Ата райондук билим жана илим кызматкерлер кесиптик бирлик комитети