Мугалим – ардактуу кесип
2021-жылдын 5-октябрында Кадамжай районунда билим берүү кызматкерлеринин майрамы белгиленди. Майрамдык кече Кадамжай районунун акими Кутпидин Шакиров жана орун басары С.М.Асанова, Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиев, айыл өкмөттөрү, мектеп жетекчилери, бала бакча башчылары, мугалимдер жана Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин катышуусунда өттү. Майрамдык кечеде райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.О.Орозбаев куттуктоо сөзүн айтып, мугалимдерге өз сыйлыктарын тапшырды. Ошондой эле, Билим жана илим кызматкерлериннин кесиптик бирлигинин төрагасы А.Ю.Момошов мугалимдерге каалоо-тилектерин айтып, «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси, Ардак грамота жана акчалай сыйлыктарын тапшырды.
Майрамдык кеченин жүрүшүндө оюн-зоок уюштурулуп, алдыңкы мугалимдерге райондук кесиптик бирлик комитети тарабынан баалуу белектер тапшырылды.
Урматтуу билим берүү кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилден куттуктайбыз! Мугалимдик иш – түйшүктүү, бирок сыймыктуу иш! Анткени келечек муундарды окутуу, тарбиялоо, турмуштун даңгыр жолуна багыт берүү, адамдык сыпаттарды калыптандыруу, эрезеге жеткирүү – бул Мугалимдин милдети эмеспи.
Караңгыны жарык кылган шам чырак сыяктуу адамзаттын дүйнө таануусун калыптандырган, жаратмандык жана атуулдук бийик рух менен эмгектенип жаткан да Мугалим.
Мугалимдик кесипти туу тутуп, күжүрмөн эмгек менен алп урушуп, чарчаганын билишпей, окуучулары менен сыймыктанып иштеп жатышкан учурдагы мугалимдерге таазим этебиз. Сиздерге кандай гана алкоо айтсак айтсак жарашат.
Мугалим сокурга – көз, дүлөйгө кулак, караңгыга – чырак, жан дүйнөгө – азык берет. Мугалим чыныгы агартуучу, мугалим гана коомду аппак кылып тазалоочу бирден бир күч!
Урматтуу мугалимдер, ардактуу кесип ээлери Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилден куттуктайбыз, бакубат жашоо, чың ден соолук, кажыбас кайрат, үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз. Түйшүктүү ишиңиздерде ийгиликтер жарала берсин!
Мугалимдер - зирек жашап, ат багат
Мээ коротуп, мектеп ишин аркалайт
Мажурум тал шактарындай ийилип,
Мээрим төгүп, окуучусун калкалайт.
Маалыматты даярдаган: Кадамжай райондук КБКнын адиси У.Халилова