Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалим - кесиптердин төрөсү!

Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмү жана кесиптик бирликтин шаардык комитети тарабынан мугалимдердин күнү майрамынын урматына мугалимдерди сыйлоо аземи уюштурулуп өткөрүлдү.

Тилекке каршы жыл сайын салтка айланган салтанаттуу азем болбогонуна байланыштуу сыйлыкка көрсөтүлгөн алдыңкы мугалимдерди сыйлоо шаардагы В.И.Ленин атындагы №1 орто мектебинде сыйлануучу мугалимдердин жана билим берүү мекеме жетекчилеринин катышуусу менен өткөрүлдү.

Сыйлоо аземине шаар мэринин орун басары И.Бабаев, Жергиликтүү кеңештин депутаттары К.Исмаилов, Т.Миталипов жана З.Акимбековдор катышышты.

Аземди шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Ж.Исманов ачып, мугалимдерди майрамы менен куттуктады жана аларга дем берип жылуу каалоолорун билдирди.

Ал эми чакырылган коноктор мугалимдерди куттуктоо менен ар дайым билим берүү тармагын колдоого алып ар тараптуу жардамдарын аябай келечек ээлерине жакшы шарттардын түзүлүүсүн колго алышарын айтышты.

Куттуктоолордон соң алдыңкы мугалимдер билим берүү жана илим министрлигинин "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгиси менен 9 мугалим, Ардак грамотасы менен 9 мугалим, шаардык мэриянын Ардак грамотасы менен 13, шаардык кеңштин Грамотасы менен 3 мугалим сыйланса, Баткен облустук билим берүү усулдук борборунун Ардак грамотасы 9 жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы 17 мугалимге тапшырылды.

Билим илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин шаардык комитетинин Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыгы ар бир билим берүү мекемелеринен 1ден мугалимге тапшырылды.

Ал эми шаардык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы К.Кудаяровго көп жылдык кызматташтык жана өнөктөш болуп мугалимдерди ар тараптуу колдоп келгендигин эске алып Кыргыз республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин “Кызматташтык салымы үчүн” төш белгисин билим берүү бөлүмүнүн башчысы ыраазычылык менен тапшырды.

Мугалимдер бул иш чараны кубануу менен кабыл алышып, маанайлары бир топ көтөрүлдү. Ошондой эле аларга бул күн дем жана шык бергендигин жашыра албай ыраазылык менен кайтышты.

 

Маалыматты даярдаган: Сүлүктү шаардык комитеттин маалымат борбору