Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалим – келечекти калыпка салган кеменгер

Иш-чарага КР Билим берүүсүнө Эмгек Синирген кызматкерлер жана мугалимдер, ардактуу эс алуудагы ардагерлер, мектеп, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилери, алдыңкы тажрыйбалуу мугалимдер, татыктуу тарбиячылар катышышты.

Иш-чарада Түп райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Э.Дюшобаева агартуу тармагынын ардагерлери менен эмгек алдыңкыларына райондук мамлекеттик администрациясынын "Ардактуу атуулу", "Эл сыймыгы" наамдары төш белгилерин тапшырды.

Иш-чаранын алкагында "Ардак грамоталар" ыйгарылып, 2023-2024-окуу жылында  билим сапаты боюнча 1-орунду ээлегендиги үчүн  М.Элебаев атындагы  орто мектебине 500000 сомдук сертификат, 2-орунду ээлегендиги үчүн  Ж.Мукамбаев атындагы  орто мектебине 300000 сомдук сертификат, ал эми 1-орунду ээлегендиги үчүн  К.Усенбеков атындагы  орто мектебине 200000 сомдук сертификаттар тапшырылды.

Түп райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Абдылдаев жана Түп райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы М.Сыдыков  жалпы мугалимдер жамаатына куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, Кыргыз Республиксынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети тарбынан 12 мугалимге “Кесиптик бирликтин мыктысы” төш белгиси жана 7 Ардак Грамоталары тапшырылды.

Андан сырткары  райондук 2023-2024-окуу жылында  билип сапаты боюнча 1-орунду ээлегендиги үчүн  М.Элебаев атындагы  орто мектебине, 2-орунду ээлегендиги үчүн  Ж.Мукамбаев атындагы  орто мектебине, 3-орунду ээлегендиги үчүн  К.Усенбеков атындагы  орто мектебине 3 мектептердин жалпы жамаатына Түп райондук профсоюз комитетинин атынан да акчалай сыйлыктар ,баалуу белектер жана  «Ардак громаталар» тапшырылып,

 Иш-чаранын алкагында агартуу тармагынын кызматкерлерине чакан концерттик программа тартууланды.

 

 Маалыматты даярдаган: Түп райондук кесиптик бирлик комитети