Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалим чырпыктан чынар өстүрөт

№34 Н.И.Мешков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы жана профкому тарабынан мугалимдердин педагогикалык чеберчилигин, кесиптик тажрыйбасын жогорулатуу максатында кадрлар арасында "Мугалим чырпыктан чынар өстүрөт" китеби боюнча  уюштурулган Китеп окуу сынагы болуп өттү.

Сынакка ар бир усулдук бирикменин мүчөлөрү  катышып,пайдалуу маалыматтарга ээ болушту. Китеп окуу 3 бөлүмдөн туруп, 2 бөлүм 12 суроодон, 1 бөлүм оозеки чыгармачылык баяндоодон турду. Катышкан мугалимдер китептен алган таасирлери тууралуу талкуулашты. Жыйынтыгында, жеңүүчүлөр аныкталып, демөөрчүнүн белектерине ээ болушту.

1-орун: Канатова Муяссар(Так илимдер усулдук бирикмесинен)

2-орун: Байдадаева Рахила( Социалдык илимдер усулдук бирикмесинен)

3- орун: Буланова Гүлмайрам ( Башталгыч класстар усулдук бирикмесинен)

 

Мааалыматты даярдаган: Аксы райондук кесиптик бирлик комитети