Мугалим билим күзгүсү
Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмү жана билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитети мугалимдердин кесиптик майрамын 2022-жылдын 5-октябрь күнү райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында билим берүү кызматкерлеринин катышуусунда майрамдык иш чара өткөрүлдү.
Майрамдык салтанатка райондук мамлекеттик администрация башчысы–аким М.К.Карагулов жана айыл округ башчылары катышып, мугалимдердин кесиптик майрамы менен куттукташты.
Алдынкы мугалимдерге КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин «Билим берүүнүн мыктысы» тѳш белгиси менен 12, «Ардак грамотасы» менен 21, райондук мамлекеттик администрациясынын «Ардак грамотасы» менен 10 мугалим, райондук билим берүү бөлүмү «Ардак грамотасы» менен 16 мугалим, КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин “Профсоюз кыймылынын отличниги” төш белгиси менен 5, “Ардак грамотасы” менен 6 мугалим сыйланышты. Мындан сырткары билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитетинин «Ардак грамоталары» жана акчалай сыйлыгы менен 22 мугалим сыйланды.
Айыл округ башчылары өздөрүнө тиешелүү билим берүү уюмдарында иштеген мугалимдерге «Ардак грамота» жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.
Майрамга келген мугалимдер майрамдык иш чараны уюштургандарга терең ыраазычылыктарын билдиришти.
Маалыматты даярдаган: Тогуз-Торо райондук профсоюз комитети