Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мүмкүнчүлүгү чектелген кызматкерлерге жардам берилди

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети 3-декабрь - мүмкүнчүлүгү  чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата иш-чара өткөрдү.

Быйылкы жылы баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын маалыматтарына ылайык Баткен районундагы мектептерде,  мектепке чейинки жана мектептен тышкары билим берүү уюмдарында  77 мүмкүнчүлүгү чектелген кызматкер иштейт.

Райондук комитет тарабынан мүмкүнчүлүгү  чектелген кызматкерлерге материалдык жардам катары 57 750 сом бөлүндү, аларга бекем ден соолук жана үй-бүлөлөрүнө бакубат жашоо  каалоо-тилектери айтылды. Өз кезегинде алар да райондук комитетке ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Баткен райондук КБКнын төрагасы А.Зайитов