Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Мен мугалиммин” аттуу майрамдык иш чара өткөрүлдү

Билим  берүү  кызматкерлеринин  кесиптик бирлигинин  Баткен  райондук  комитети Баткен   райондук  билим берүү  бөлүмү   менен  биргеликте  2024-жылдын  9-октябрында  билим  берүү  кызматкерлеринин Күнүнө    карата  “Мен мугалиммин” аттуу майрамдык иш чара  өткөрдү.

Иш  чарага  мугалимдер, ардактуу  эс  алуудагы ардагерлер, мектеп жана  билим берүү уюмдарынын жетекчилери, билим берүү кызматкерлери  чакырылып, жалпысынан   160 адам  катышты.

Майрам ээлерин Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимидин орун басары   Т. Ибрагимов, Баткен областтык билим берүү усулдук борборунун жетекчиси О.Эркебаев  куттукташып,  алдыңкы  кызматкерлерге  сыйлыктарды  тапшырышты.

Майрамдык иш чаранын жүрүшүндө 27 кызматкер Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак Грамотасы менен, 15 кызматкер Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен, 10 кызматкер Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак Грамотасы менен, 5 кызматкер Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин “Билим берүү профсоюзунун  мыктысы” төш белгиси менен, 2 кызматкер Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин Ардак Грамотасы менен, 6 кызматкер  Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин Ардак Грамотасы менен, 15 кызматкер Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук кесиптик бирлик коиетинин Ардак Грамоталары менен сыйланышты.

Ошондой эле билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук  комитети тарабынан 14 ардагер мугалимге баалуу белектер тартууланды.

Билим  берүү   кызматкерлердин   кесиптик  майрамы  кесиптик  бирликтин  райондук  комитети  тарабынан каржыланып, иш  чаранын  катышуучулары  уюштуруучуларга  ыраазычылыктарын  билдиришти. 

         

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Баткен райондук комитети