Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мектепке колдоо көрсөтүлдү

Базар-Коргон районунун Кара-Жыгач айылында жайгашкан А.Осмонов атындагы №38 орто мектеби 1965-жылы кам кирпич менен курулган. Эскилиги жетип, авариялык абалга келген. Жаз айларында катуу жааган жамгырдан чатырынан суу өтүп, мугалимдер жана окуучулар үчүн ыңгайсыз абалды жараткан.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Базар-Коргон райондук комитети тарабынан А.Осмонов атындагы №38 орто мектебинде колдоо иш-чарасы өткөрүлдү. Райондук комитеттин төрагасы С.Жаркынбаев мектептин жамаатын “Билим берүү кызматкерлеринин күнү” менен куттуктап, колдоо иретинде акчалай жардамын тапшырды.

Мектеп жамааты жардам жана колдоолор үчүн Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигине ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Базар-Коргон райКБКнын адиси К.Асыранкулов