Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында эмнекти коргоону уюштуруу
Жалал-Абад областы Базар-Коргон району Билим берүү бөлүмүнө караштуу Бешик-Жон айыл өкмөтүндө жайгашкан №7 «Нагима» атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунда райондук деӊгээлде семинар болуп өттү.
Семинарда: Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында эмгекти коргоону уюштуруу деген темада семинар болду.
Семинарга райондогу 38-МЧБУнун баштапкы профсоюз уюмдарынын төрайымдары катышышты жана ошону менен бирге Жалал-Абада билим берүү жана илим кызмат керлеринин облустук комитетинин инспектору А.Айдаров катышты. Семинарды Базар-Коргон билим берүү жана илим кызматкерлеринин райондук профсоюз комитетинин төрагасы С.Жаркымбаев алып барды.
Эртеӊки 01.06.2019-жыл «1-июнь баладарды коргоо» күнү менен МЧБУда тарбияланып жаткан балдарды алдын ала куттуктап . №7 «Нагима» МЧБУнун жетекчиси Б.Эргешовага РПКтарабынан тарбиялаануучуларга белектер тапшырылды.
Материалды даярдаган:
Суйунбек Жаркымбаев