Мектеп жетекчилери, “Жыл мугалими -2018” райондук Кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү жайкы эс алууда
Баткен районундагы мектептер арасында өткөн “Мыкты социалдык өнөктөш – мектеп жетекчилиги-2017” райондук кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү болгон мектеп жетекчилери, “Жыл мугалими-2018” райондук кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү жана уюштуруучулары Баткен-Бишкек-Чолпон-Ата -Баткен машрурту боюнча дем алуу экскурсиясына жөнөтүлдү. Экскурсия Баткен райондук комитети тарабынан уюштурулуп, ага 32 билим берүү кызматкерлери катышышып, Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын дем алуу үйүндө эс алышты.
Мугалимдер Чолпон-Атадагы “Рух Ордо” маданий борборунда, “Көгүлтүр Ысык-Көлдө” болушуп, 3 күндүк экскурсияны оюн-зоок менен коштоп кызыктуу эс алып, райондук комитетке ыраазычылыктарын билдирип кайтышты.
Баткен РПКнын адиси Б.Абыразакова