Мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасынын III этабы болуп өттү
2018-жылдын 26-27-февраль күндөрү мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасынын III этабы Кадамжай шаарында “Семетей” лицейинин базасында өткөрүлдү.
Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүүчү мектептерден шаардык предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрү болгон 24 окуучусу областтык олимпиадага катышып келишти. Областтык олимпиада 12 предмет боюнча, эки тур менен өтүлдү. 1-турда окуучулардын теориялык билими, 2-турда практикалык билимдери боюнча сыноодон өтүштү. Областтык олимпиаданын жыйынтыгы боюнча Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептердин окуучулары төмөндөгүдөй орундарга ээ болушту:
1-орун:
1) орус тили- №1 Д.М.Карбышев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу;
2) география- №1 Д.М.Карбышев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу;
2-орун:
1) География- №1 Д.М.Карбышев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу;
2) Тарых- №2 Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу
3-орун:
1) Англис тили- №10 А.П.Гайдар атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу
Байгелүү орундарды ээлеген окуучуларды даярдаган мугалимдерге шаардык профсоюздук комитетинен өзгөчоө көӊүл бурулат, ошондой эле 2018-жылдын 30-мартында өтүүчү Республикалык предметтик олимпиадага 1-2-орундарга ээ болушкан 4 окуучу катышууга жолдомо алышты.