Мекендин келечеги – баланын руханий өнүгүүсүндө
2021-жылдын 29-октябрь күнү Ноокен районундагы №25 “Кызыл-Туу” орто мектебинин базасында “Мекендин келечеги – баланын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсүндө” темасында семинар болуп өттү.
Семинарга Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Г.Андарова, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин укук жана эмгекти коргоо инспектору Т.Бакиров жана райондогу 42 мектепте өкүлдөр катышты.
Семинардын 1-бөлүгүндө С.Раимкулова “Адептүүлүк – сулуулуктун тунук булагы”, Ж.Ирисалиева “Балдар – биздин келечегибиз”, Н.Маканбаева “Эрте никеге туруунун кесепеттери” темаларында тарбиялык сабактарды өтүштү.
Ал эми 2-бөлүгүндө мектептин уюштуруучусу К.Ташматова тарабынан “Келечек” БӨУнүн салтанаттуу сбору өткөрүлдү.
Семинардын жыйынтыгында сабактарга талдоо жүргүзүлдү. Райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Г.Андарованын сунушу менен өтүлгөн сабактарга талдоо башкача фарматта өттү. Анда ар бир сабак өткөн мугалимдин кемчилиги, жетишкендиктери айтылды.
Мектептин директору Н.Каримкулов аткарылган жана алдыдагы иштер жөнүндө тааныштырып, семинарга келген конокторго ыраазычылык билдирди.
Маалыматты даярдаган: №25 “Кызыл-Туу” орто мектебинин баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы Г.Ормонова