Мекенди коргоо - ыйык милдет
23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата Ноокен районуна караштуу № 19 А. Казаков атындагы орто мектебинде “Эр жигит эл четинде, жоо бетинде ” аттуу окуучулар арасында спорттук таймаш болуп өттү.
Иш-чарага Бүргөндү айылындагы чек ара кызматынын офицерлери келип катышышты. Аскерге чейинки даярдык сабагынын мугалими К. Хусанов даярдаган 10-11-класс-тарынын окуучулары өз чеберчиликтерин көрсөтүштү. Иш чара № 5 “Белек” балдар бакчасынын бөбөктөрү тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду. Келген меймандар белектер жана сый тамак менен уюштурулду.
№ 19 А. Казаков атындагы орто мектебинин
профкому Манзура Иминчаева