Тезирээк сакайышын каалашат
Майлуу-Суу шаардык кесиптик бирлик комитети тарабынан мектепке чейинки билим берүү мекемесинин мугалими Санабар Касимжановна Кочкоровага үй-бүлөлүк оор шартына байланыштуу материалдык жардам көрсөтүлдү.
Мугалимдин баласы бир нече айдан бери оору менен күрөшүп келет. Кесиптик бирлик мүчөлөрү, баласынын тезирээк сакайып кетишин каалайт.
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Майлуу-Суу шаардык комитети