Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мамлекеттик тил майрамы Сузак районунда

       Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн алдында жалпы билим берүүчү мекемелердин жетекчилери үчүн райондук семинар өткөзүлдү. Семинар мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын  27 жылдыгына арналды. Семинарды билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.К.Токтогулов ачып, семинардын ишине ийгилик каалады.

        Семинарга райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.К.Токтогулов,  Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райондук комитетинин төрагасы А.Д.Орозалиев, райондук билим берүү бөлүмүнүн аппарат кызматкерлери жана жалпы билим берүүчү мектептердин директорлору катышышты.

       Семинарда Мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы, Кыргыз Республикасынын 2014-2020-жылдагы мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын алкагында райондук билим берүү бөлүмү тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө билим берүү бөлүмүнүн адиси А.Исаева маалымат берди.

       Ырыс жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору Д.Иманова аталган маселелер боюнча мектепке аткарылган иштер жөнүндө айтты. Бул семинарды директорлор секциясынын жетекчиси А.Авазов алып барды.

       Семинардын аягында мектеп мугалимдери даярдаган панорамалык сабактар өтүлүп, анализдер берилди.

      Аталган мектептин жасалгасы, кыргыз тили жана адабияты каналарынын абалы, иш кагаздары менен семинардын катышуучулары таанышып, өзгөчө мектеп мугалимдеринин бирдей форма менен мектепке келүүсүн  жактырышты. Натыйжада көпчүлүктүн купулуна толгон семинар өттү.

 

Билим берүү жана илим кызматкерлерини

профсоюзунун Сузак райкомунун

басма сөз катчысы:                                                     З.А.Киргизбаев