Мамлекеттик туу күнү белгиленди
Ар бир мамлекеттин ѳзүнүн мамлекеттик символдору бар, бул анын эгемендүүлүгүнүн белгилери болгон туусу, герби жана гимни. Ошондуктан биздин мамлекеттик туубуз Кыргыз Республикасынын эң негизги символу. 2010-жылдын 3-мартынан тартып жыл сайын Кыргызстандын мамлекеттик туусунун күнү белгиленет. Быйыл 3-мартта Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу кабыл алынгандыгына 26 жыл толду. Бүгүн 2018-жылдын 3-марты Ноокен райондук билим берүү бөлүмүндө жана мектептеринде да бул күн салтанатуу белгиленди.
Кыргыз туусу түбѳлүккѳ желбиреп, эгемендүү ѳлкѳбүз ѳнүгүп-ѳсѳ берсин!
Ноокен рай КБКнын тескөөчүсү
Т. Бакиров