Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Макулдашууга ылайык балдарга камкордук көрүлүүдө

       Жалал-Абад  облусунун   Кара-Көл  шаардык  мэриясы, шаардык  билим берүү  бөлүмү жана  билим берүү  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  шаардык  комитетинин  ортосунда  түзүлгөн МАКУЛДАШУУга  ылайык балдардын жайкы  эс  алуусун  уюштуруунун иш-чаралары кабыл  алынып, “Кайынды” балдардын  эс  алуу  борборун даярдоо  иштери  башталды.

         Жалал-Абад  обкомунун  төрагасы А.Исмаилов, обкомдун  инспектору А.Айдаров, шаардык  комитеттин төрайымы А.Каракозиева 2018-жылдын  27-майында “Кайынды” балдардын эс  алуу  борборунда  болушуп, түзүлүп  жаткан  шарттар  менен ордунда  танышышты.

           Шаардын  мэриясы эс  алуу  борборунун   бир  агымда  160  баланы  кабыл  алып, жайкы  эс  алуу    өнөктөштүгүндө   800 баланы  эс  алдыруу  үчүн иш  аракетерди  жасоодо.

            Шаардык  комитеттин төрайымы  А.Каракозиева  шаардын  мэринен  жана  шаардык  кеңештин  депутаттарынан  ыраазы  болуп,  иштерине  ийгиликтерди   каалап,  жакшы  тилектерин  билдирди.

Материалды  даярдаган:  Жалал-Абад  обкомунун  инспектору-А.Айдаров.