Макулдашуу бекитилди
Каракол шаарынын мэриясынын жыйындар залында билим берүү кызматкерлеринин Каракол шаардык профсоюз комитетинин пленуму болуп өттү.
Пленумга шаардын мэри Арпачиев Д.К.,вице-мэр Орозова Г.Ж., билим берүү бөлүмүнүн башчысы Апышева В.С. жана мектеп, мектепке чейинки, мектептен сырткаркы мекемелердин жетекчилери, баштапкы профсоюз уюмдарынын төрага-төрайымдары болуп бардыгы 58 адам катышты.
Пленумдун күн тартибинде каралгандай 2015-17-жылдарга түзүлгөн Каракол шаардык профсоюз комитети,шаардын мэриясы жана билим берүү бөлүмүнүн ортосунда түзүлгөн 3 тараптуу макулдашуунун аткаралышы боюнча 3 тарап маалымат беришти. Пленумдун катышуучуларын кубандырган маселе бул-2018-жылга мугалимдердин эс алуусу үчүн 100 миң, ал эми коммуналдык төлөмдөргө 1 млн.50 миң сомдун бөлүнүшү болду.
Андан соң шаардык профсоюз комитетинин төрайымы Касмалиева Ж.У. пленумдун катышуучуларын 2018-2021-жылдарга түзүлгөн макулдашуунун долбоору менен тааныштырды. Айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен 3 тараптуу макулдашуу бекитилип,тараптар кол коюшту.