Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Макулдашуу кабыл алынды

28-октябрда Каракол шаарынын мэриясынын жыйындар залында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Каракол шаардык комитетинин кезектеги пленуму болуп өттү. Күн тартибиндеги үч тараптуу келишимди кабыл алуу маселеси каралды. Алгач тараптар 2018-2021-жылдарга түзүлгөн 3 тараптуу келишимдин аткарылышы, жүргүзүлгөн иштер боюнча маалымат беришти. Анда макулдашуудагы көпчүлүк пункттар  тараптар жактан аткарылып жаткандыгы айтылды. Эң негизгиси келишимде Кыргыз Республикасынын “Мугалимдердин статусу жөнүндө” мыйзамынын 8-беренесине ылайык электр энергиясына  1млн.75 миң сом (ар бир мугалимге 1000 сомдон) Каракол шаарынын РЭСине  которулуп, мугалимдер электр энергиясына болгон төлөмдөргө жеңилдик алып келишүүдө. Ал эми мугалимдердин жайкы эс алуусуна жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн 200 миң сомго Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийине октябрь айында 31 мугалим беш күн эс алып, дарыланып келишти.

 

Маалыматты даярдаган: Каракол шаардык КБКнын төрайымы Ж.Касмалиева