Майрамыныздар кут болсун!
Социалдык кызматкерлердин жана профсоюздардын майрамдык күнүнө карата, Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын, Кемин райондук Билим берүү бөлүмүнүн, Кемин райондук кесип бирликтер комитетинин атынан, Билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрайымдарына, төрагаларына Ардак Грамоталар менен сыйланышты. Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Н.А. Шаршеналиев бүгунку күндө профсоюз кызматкерлеринин эмгекчилердин укугун коргоодо көрсөткөн иштери үчүн ыраазычылык билдирди. Кемин райондук кесип бирликтер комитетинин төрайымы А.Т. Чылабаева өлкөдө ( аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо) жылында мугалимдердин эмгеги зор экендигин баса белгиледи.
Чылабаева Айсалкын