Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Майрамга карата спорттук мелдеш

2025-жылдын 7-мартында Өзгөн районунда 8-март — Аялдардын Эл аралык майрамына карата мугалимдер арасында волейбол боюнча спорттук мелдеш өткөрүлдү. Майрамдык иш-чарага Мырза-Аке, Жазы, Куршаб аймактарынан жана Өзгөн шаарынан мугалим  эжекелерден түзүлгөн волейбол боюнча курама командалар катышты.

Майрамдык иш-чарага   Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы  М.Т. Ибраимов мугалимдерди майрамы менен куттуктап, спорттук мелдеште жеңишке жетишкен оюнчуларга диплом жана медалдарды тапшырды. 

Мындан сырткары Өзгөн райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин комитетинин төрагасы А.Бөлөкбаев жана шаардык кесиптик бирлик комитетинин төрайымы З.Н. Азнабакиева оюнчуларды майрамы менен куттуктап, кесиптик бирликтин атынан акчалай сыйлыктарды тапшырышты.