Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Майрамдык салтанаттуу иш-чара

Баткен шаарында Баткен областтык кесиптик бирлик комитети тарабынан Баткен областынын район, шаарларынан  чакырылган билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата  майрамдык салтанаттуу иш чара өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү,генерал майор А.К.Алимбаев, КР Президентинин Баткен областынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж.Исаков, КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы М.Примкулов катышып, билим берүү кызматкерлерин майрамын куттуктоо менен сыйлыктарды тапшырышты.

Иш-чаранын алкагында райондук жана шаардык  мамлекеттик администрациясынын башчыларынын орун басарлары, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалимдери, ардагер мугалимдер  да куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Жыйынтыгында алдынкы мугалимдерге билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Бөтөков куттуктоо сөзүн сүйлөп,  Ардак Грамота, акчалай сыйлыктар жана бардык чакырылган сыйлуу конокторго баалуу белектерди тапшырды.

 

Маалыматты даярдаган:  Кесиптик бирликтин Баткен областтык комитетинин адиси Гапарали уулу Мансур