Мааракелик иш чара
ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата “Базистик жана клиникалык фармакология” кафедрасы Фармакология предметинен “КВН олимпиада-2024” сынагын өткөрдү. Жалпысынан сегиз команда катталды, алар “Слово фармаколога”, “Суппозитории”, “Гиперлеч”, “Медфактын КРАШ балдары”, “ЭнергоStyle”, “Смехомиметики”, “ДозаЮмора”, “Авицена” командалары 5 тур менен күч сынашты.
- “ДозаЮмора” - окутуучусу М. Гульжигитов эң мыкты деп табылды
- “Слово фармаколога” -окутуучусу Бакирова Н. 1-орунду жеңип алды
- 2-орунга “Гиперлеч” - окутуучусу Жээнбаева М., 3-орунга “Смехомиметики” -окутуучу Гульжигитов М., 3-орунга “Медфактын КРАШ балдары” - окутуучусу М. Эрмаматов татыктуу болушту.
Алдыңкы орунду алган команда экзамендик сынактан бошотулуп, кубок, медалдар менен сыйланды.
Иш чара ОшМУ кесиптик бирлик комитети тарабынан каржыланды. ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы, доцент Саттаров А.Э., медицина факультетинин деканы проф. Ыдырысов И.Т., кафедранын түптөлүшүнө чоң салымын кошкон проф. Муратов Ж.К. катышып, белектерин ыйгарышты.
Иш чаранын негизги максаты - студенттерди биримдикке, ынтымакка тарбиялоо менен Фармакология предметине болгон кызыгуусун арттыруу.
Маалыматты даярдаган: ОшМУ кесиптик бирлик комитети